Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:51

Венесуэлада эки оппозиционерди атып кетишти


Венесуэланын Баринас штатында бир аптадан соң өтчү президенттик шайлоодо бириккен оппозициянын талапкери Энрике Каприлеске колдоо көрсөтүп жаткан жергиликтүү эки оппозиционер атып өлтүрүлдү. Оппозициялык “Адегенде акыйкаттык” партиясы билдиргендей, активисттер көчөдө бараткан кезде жүк ташуучу машинеден белгисиз адамдар ок чыгарышкан.

Венесуэлада азыр президенттик шайлоо өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан убак. Оппозициянын талапкери Энрике Каприлес 14 жылдан бери өлкөнү башкарган Уго Чавести союздаш өлкөлөргө мамлекеттик казынадан акчаны беймаани таратып жатат деп айыптаган. Өлкөдө шайлоо алдында абал курчуй түшкөндөй болду.

Президент Уго Чавес жакында эле операция болуп, коркунучтуу шишикти алдырган. Бирок ал ден соолугу жайында экенин айтып, кийинки мөөнөттө да иштөөгө даяр экенин билдирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG