Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

Казакстандагы жол кырсыгында 4 кыргызстандык жабыркады


Казакстандын Караганда облусунун Шет районундагы жол кырсыгынан 4 кыргызстандык жабыркады. Алардын бирөө бир жаштагы, экинчиси үч жаштагы балдар. Кырсык 29-сентябрда түнкү саат 00:20да болгонун “Азаттыкка” Шет райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алматы-Екатеринбург жолунун 775-чакырымында Карагандага бараткан “Фольсфаген пассат” жеңил унаасы менен Алматыга бараткан “Мерседес” үлгүсүндөгү микроавтобус кагылышкан. Казакстандык жеңил унаанын айдоочусу, эки жүргүнчү мерт кетип, экөө жабыркаган.

Микроавтобустагы жабыркаган кыргызстандык жарандар Карагандадагы облустук ооруканага жеткирилди. Микроавтобуста жалпы канча жүргүнчү болгону белгисиз.

Кырсык жеңил унаа жолдун каршы тарабына чыгып кеткендиктен болгону болжолдонууда. Факт боюнча кылмыш иши козголду, бирок күнөөлүү айдоочу каза болгондуктан иш жабылыш мүмкүн экени айтылууда. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG