Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Түркиянын премьер-министри өз өлкөсүн “мусулман дүйнөсүнө үлгү” деп атады


Өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган жекшембиде өзүнүн бийликтеги “Адилет жана өнүгүү” партиясынын курултайында сүйлөп жатып, Түркияда аскерий төңкөрүштөрдүн доору аяктаганын, азыр анын өлкөсү башка мусулман мамлекеттерине үлгү экенин белгиледи. Эрдоган Сириядагы кырдаалга да кайрылуу менен президент Башар ал-Асадды катуу сындады, ага каршы чыккан куралчан оппозицияны колдоого убада кылды.

"Биз өзүбүздүн сириялык агайындарыбызга милдеттүү болгон мамилебизди көрсөтүп, аларды колдойбуз. Бирок биз ушул жерде Орусияга, Кытайга жана Иранга кайрылып, "Асаддын режимине карата мамилеңерди кайра карап чыккыла" демекчибиз. Тарых Сириянын андай мыкаачы зөөкүрлөрүн кечирбейт", - деди Эрдоган.

Эрдогандын партиясы дээрлик 10 жылдан бери өлкөнү башкарып келатат. Ушул аралыкта өлкөнүн экономикасында өсүш жогорулап, жумурияттын региондо аброю артты. Исламга негизделгенине карабай, “Адилет жана өнүгүү” партиясы Түркиянын дүнүявий баалуулуктарын сактап калды жана аскерий жетекчиликтин саясий чечимдерге таасирин азайтууга жетишти. Түркиянын секулярдуу деп эсептелген армиясы 1960-жылдардан бери үч ирет төңкөрүш жасап, 1997-жылы исламчыл өкмөттү кулаткан.

XS
SM
MD
LG