Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Өзбек президенти бүгүн Түркмөнстанга барат


И.Каримов (солдо) өткөн айда казак президенти Н.Назарбаевден да колдоо тапканга аракет кылган, 6-сентябрь, 2012
И.Каримов (солдо) өткөн айда казак президенти Н.Назарбаевден да колдоо тапканга аракет кылган, 6-сентябрь, 2012
Бүгүн-эртең президент Ислам Каримов Түркмөнстанда болуп, мамлекет башчы Гурбангулы Бердымухаммедов менен сүйлөшөт. Өзбек президентинин маалымат кызматы эки лидер ич ара кызматташтыкты, эл аралык темаларды талкуулашарын кабарлады. Каримовдун Түркмөнстанга сапары өзбек президенти коңшулаш Кыргызстан менен Тажикстанды ГЭСтерди куруудан баш тартууга көндүрүш үчүн колдоо издеп жүргөн учурга туш келүүдө.

Өзбекстандын бийликтери гидроэлектростанциялар курулса, Өзбекстандын, Казакстандын жана Түркмөнстандын эгин талааларына суу жетпей калат деп чочулап жатышат.

Каримов мына ушундай эле максатта өткөн айдын башында Казакстанга да барган, бирок казак лидеринен дурус колдоо ала алган эмес. Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурат Ниязовдун тушунда бул эки өлкөнүн мамилеси начар болчу. Алар 2006-жылдын этегинде бийликке Бердымухаммедов келгенден тартып гана расмий Ташкен менен Ашхабаддын алыш-бериши жакшырды.

XS
SM
MD
LG