Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Президент Атамбаев Түркиянын мамлекет жетекчилери менен жолукту


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен Түркиянын президенти Абдулла Гүлдүн жолугушуусу 30-сентябрь күнү түрк президентинин резиденциясында болду. Анда кыргыз-түрк мамилелери тууралуу сөз болгон. Алмазбек Атамбаев ошол эле күнү Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен да жолуккан. Анда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу тууралуу сөз болгонун кыргыз президентинин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов «Азаттыкка» кабарлады.

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн аптанын соңунда кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыгып, Түркияга сапар алган. Ал сапары алдында айрым маалымат каражаттарына маек куруп, жолугушууларда Түркия бере турган насыя акча тууралуу сөз болорун айткан эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG