Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:40

Эмдөөдөн кийин өлгөн койдун саны эки миңден ашты


Жалал-Абад облусунда чечек оорусуна каршы алдын ала эмдөөдөн кийин өлгөн койлордун саны эки миңден ашты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Сузак районундагы Кыз-Көл, Кара-Дарыя, Көк-Арт, Кызыл-Туу айыл аймактарында жеке чарба ээлери койлорун 8-сентябрда чечекке каршы эмдөөдөн өткөргөндөн кийин, 14-сентябрдан тарта мал кырыла баштаган. Өлгөн койду санитардык-ветеринардык талаптарга жараша көмүп жатышат.

Кырдаалга байланыштуу жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында кооптуу айылдарда жана базарларда карантин жарыяланып, ветеринардык-милициялык күзөт уюштурулган. Облуста атайын штаб жана комиссия иштеп жатат. Комиссия иликтөө иштерин жүргүзүүдө. 30-сентябрда өлгөн койдун саны 2064 башка жетти. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG