Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Эки жер титирөө катталды


Кыргызстандын аймагында кечээтен бери эки жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 30-сентябрдя саат 03:35те эпицентрде 3,5 балл жер титирөө болду. Очогу Кетмен-Төбө айылынан 10 чакырым түштүк-батышты, Кара-Көл шаарынан 30 чакырым түндүк-чыгышты, Майлуу-Суу шаарынан 65 чакырым түндүк-чыгышты жана Таш-Көмүр шаарынан 80 чакырым түндүк-чыгышты карай жайгашкан. Кетмен-Төбө, Токтогул, Саргата жана Үч-Терек айылдарында 2,5 балл, Кара-Көл жана Майлуу-Суу шаарларында 2 балл болгон. Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ошондой эле бүгүн таңга жуук Кыргызстандын аймагында күчү 4 баллга жеткен силкинүү болгону кабарланып жатат. Бирок расмий тактала элек. Очогу Алматы шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 246 чакырым жерде экини айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG