Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

Бишкек - Ош - Исфана жолундагы коррупциялык схема иликтенди


Бишкектен Баткендин Исфана шаарына чейинки унаа жолдо оор жүк ташыган айдоочулардан мыйзамсыз акча алуу схемасы иликтенип жатат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Баш прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү айтты. Транспорт жана байланыш министрлигинин, жол коопсуздугу, бажы, улуттук коопсуздук, экономикалык кылмыштарга каршы башкармалык өкүлдөрү ар бир айдоочудан бир миң доллар талап кылганы, бир айда үч миллион долларга чейин акча алынаары айтылды. Кылмышка байланыштуу 26 кызматкер кармалып, жетөө камакка алынды. Бишкек - Ош - Исфана жолу аркылуу оор жүк ташуучу машиналар негизинен кара май ташыйт. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG