Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Чуулгандуу тасма: Укук коргоочу сотко кайрылды


“Мен кумса жана мусулманмын” даректүү тасмасы боюнча Биринчи Май райондук сотунун аныктамасы мыйзамсыз. Бул тууралуу бүгүн укук коргоочу, "Жарандар коррупцияга каршы" укук борборунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, аталган тасманын Кыргызстанда көрсөтүлүшүнө тыюу салган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Баш прокуратуранын кызматкерлеринин аракети жана Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун аныктамасы мыйзамсыз. Конституциянын жана мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу укук коргоочу Бишкектин район аралык сотуна кайрылды.

Бишкекте өткөн аптада жыйынтыкталган адам укуктары боюнча "Бир дүйнө - Кыргызстан" кинофестивалында голландиялык режиссер Крис Беллонинин “Мен кумса жана мусулманмын” тасмасынын көрсөтүлбөй калышына Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия чыгарган эксперттик бүтүм себеп болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG