Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:04

Казакстанда террорчу деп шектелген үч адам кармалды


Өлкө батышындагы Атырау шаардык сотунун 1-октябрда билдиришинче, бул үчөө жергиликтүү коопсуздук кызматтарына жана өкмөттүк адамдарга кол салууну мерчемдешкен. Ал үчүн мыйзамсыз куралданышып, интернеттен жардыргыч заттарды кантип жасоо боюнча көрсөтмө издешкен.

Сентябрдын ортосунда Атырау шаардык полицияканасынын жанында жардыруу болуп, террорчу деп шектелген адамдар менен болгон аткылашуудан кийин өткөрүлгөн операция маалында төрт согушчан жок кылынган. Эки полициячы жараат алган. Удаа эле Атырау облусунун Кулчары шаарчасындагы аткылашууда террорчу деп шектелген беш адам окко учкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG