Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:01

2-октябрга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
1-2-октябр күндөрү Чүй облусунун айрым райондорунда, Талас жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде 0...-3 градус үшүк жүрөт. Мындай үшүктүн жүрүшү мөмө жемиштерине, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу.

Аба ырайы
2-октябрда жаан-чачын болбойт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, түндүк тарабында үшүк жүрөт, күндүз 17...22,
Талас облусунда түнкүсүн 0...5 үшүк жүрөт, күндүз 15...20,
Баткенде түнкүсүн 4...9 күндүз 18...23 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, айрым жерлеринде 0...-3, күндүз 13...18,
Нарында түнкүсүн 0...5, айрым жерлерде 0...-3 үшүк жүрөт, күндүз 11...16,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз 14...19,
Тоолордо түнкүсүн -8...-13, ал эми күндүз 0...5 болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 5...7, күндүз 19...21 градус болот.

XS
SM
MD
LG