Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

Чехтер жаңы президентти 11-12-январда шайлашат


Чехияда биринчи жолу президент 11-12-январда түздөн түз эл тарабынан шайланат. Бул жөнүндө Чехия парламентинин Жогорку палатасы - Сенаттын төрагасы Милан Стех дүйшөмбү күнү жарыя кылды. 1993-жылы Чех Республикасы түптөлгөндөн бери президентти парламент шайлайт. Парламентарийлердин Конституцияны өзгөртүүсүнө коомчулукта Чехиянын саясий партиялары жемкорлукка аралашып кетти, саясий орундарга тааныш-билиштерди дайындоо илдетке айланды деген нааразылык кеңири жайылганы түрткү берди.

Бүгүнгө карай президент болууну каалган алты адам, анын ичичнде бир аял катталууга зарыл 50 миң шайлоочунун колун топтоп, Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүштү. Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Милош Земан жана Ян Фишер, азыркы тышкы иштер министри Карел Шварценберг бар.

XS
SM
MD
LG