Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Таласта "Ата Мекенди" колдогон элдик жыйын өттү


Талас шаарында "Ата Мекен" партиясынын төрт жүздөй тарапкери катышкан иш-чара өттү. Элдик жыйын деген аталыш менен 30-сентябрда уюштурулган бул акциянын жыйынтыгында өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдонгонун "Азаттыкка" анын катышуучулары билдирди.

Кайрылууда "Ата Мекенди" бир жактуу каралоо жүрүп жатканы, 2010-жылдын 7-апрелин элдин аң сезиминде революция эмес, талап-тоноо күнү катары калыптандыруу аракети башталганы айтылат.

Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин дарегине тергөө абагындагы үч кишинин айтканы боюнча түзүлгөн парламенттик комиссиянын ишине катышууга биздин жыйындын 10 делегатын шайладык. Чындыкты табууга биз жардам беребиз, бул ишке акыркы чекитти бирге коебуз", - деп айтылат кайрылууда.

Буга чейинки өкмөттүн кетишине "Ата Мекендин" коррупция боюнча сыны негиз болгон. Бирок ошол эле учурда аталган партия лидерлеринин апрел окуясынан кийин Бакиевдерден калган үй-мүлктү талап-тоноого тиешеси бар деген маалымат кеңири тарай баштаган. Мунун чоо-жайын иликтеш үчүн парламентте комиссия түзүлгөн. Баш прокуратурадагы тергөө тобу Бакиевдерге таандык мүлктү талап-тоноо фактыларын иликтөө 80% аткарылганын жарыялады.

Кызматынан кетирилген премьер-министр Өмүрбек Бабановдун "Республика" партиясы 22-августта билдирүү таратып, "Ата Мекендин" айрым депутаттары Бабанов жөнүндө "булганыч жана жалган компромат таратып жатат" деп айыптаган. (RK)

XS
SM
MD
LG