Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Журналисттер депутаттарга каршы акцияга чыкты


Бүгүн Жогорку Кеңеш имаратынын алдында журналисттер, медиа-эксперттер жана укук коргоочулар нааразылык акциясын өткөрүштү. Алардын түшүндүрүшүнчө, митингге чыгууга кээ бир депутаттардын журналисттердин милдетин аткаруусуна атайылап жолтоо болуусу жана маалымат алуусуна ошентип бөгөт коюусу себеп болду. Бул акция депутаттык комиссия НТС телеканаланын журналисттерин 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноочулукту талкуулоого катыштырбай койгондон улам өткөрүлдү.

“МК Азия” гезитинин редактору, акциянын катышуучусу Улугбек Бабакулов “Азаттыкка” митингге чыгуу жүйөсүн мындай түшүндүрдү:

"Сөз эркиндиги деп чыктык. Депутаттар журналисттерди жыйындарга киргизебиз-киргизбейбиз деп соттун укугун өзүнө алып алган. Депутаттарды ордуна коюп койбосок, мындан ары ошол жерден сабашы да мүмкүн". (AU/RK)

XS
SM
MD
LG