Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Лебединовка айылынын тургундары жол торошууда


Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылынын 60ка жакын тургуну Бишкектин Жибек Жолу – Калинин көчөлөрүн торошту. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" аталган айылдын тургундарынын бири Даут Шайдинов билдирди.

Шайдиновдун айтымында, Лебединовка айылынан 40ка жакын үй-бүлө айыл аймагынан айыл чарба багытындагы 28, 5 гектар жер аянтын сатып алып, үй салышкан. Ал учурда жергиликтүү бийлик бул аянтты айылдын карамагынан чыгарып, Бишкек мэриясынын карамагына өтөт деп убада кылышкан. 2009-жылдан бери аталган убада аткарылбай, 40ка жакын үй-бүлө айылга да, шаарга да каттоого тура албай келишет. Буга кошумча айылда таза суу, электр энергиясы, жылуулук маселеси да чечилген эмес.

- Маселе боюнча өкмөткө бир нече жолу кайрылдык. Өкмөт өкүлдөрү маселе чечилет деп тил эмизгени менен чечилген жок. Бир нече жолу Ак үй алдында митингге чыктык. Акыры айла болбогондо, жол тороп жатабыз- дейт Шайдинов.

Айыл чарба багытындагы жерлерди үй куруу үчүн сатууга мыйзам уруксат бербейт. Бирок 2009-жылы трансформациялангандан кийин мындай укукка ээ болгон 5 жеке адам 28,5 гектар жерин 4 соткадан 444 участокко бөлүп сатышкан.

XS
SM
MD
LG