Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Зыяратчылардын алгачкы тобу Мекеге сапар алды


2-октябрда Бишкек-Медина каттамындагы учак менен ажылык сапарга бара жаткан 196 киши жолго чыгат. Ушундай эле топ 3-октябрда да «Манас» эл аралык аэропортунан учарын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Эсен Өмүракунов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, жалпысы болуп Бишкек-Медина, Ош-Медина каттамындагы 17 рейс, ал эми Бишкек-Жидда жана Ош-Жидда каттамындагы 8 рейс «Манас» жана Ош аэропортторунан ажылык зыяратка бараткан адамдарды ташыйт, быйыл машине менен ажылыкка барууга уруксат берилген жок. Ажылык сапарга бараткандарды дарыгерлер тобу, муфтияттын, коопсуздук кызматынын жана башка тиешелүү тармактардын өкүлдөрү коштоп барышат.

Быйыл ажылык сапарга баруу үчүн Кыргызстандан 4,5 миң кишиге орун берилген. Ажылык зыярат Сауд Аравиянын Меке шаарында 25-26-27-октябрь күндөрү жүрөт. Ага дүйнөнүн булуң-бурчтарынан миллиондогон мусулмандар барып, зыярат кылышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG