Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:47

Экзит-полл: Грузиядагы парламенттик шайлоодо оппозиция жеңди


Тбилисиде оппозициянын тарапкерлери азыртадан эле жеңишти майрамдай башташты, 1-октябрь, 2012

Тбилисиде оппозициянын тарапкерлери азыртадан эле жеңишти майрамдай башташты, 1-октябрь, 2012

Шайлооканаларда жүргүзүлгөн сурамжылоолордун (Exit-polls) жыйынтыгына караганда, Грузияда кечээ өткөн парламенттик шайлоодо добуштардын 50 пайыздан көбүн оппозициялык “Грузин кыялы” коалициясы алды. Жумурияттын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктарын бир нече сааттын ичинде жарыялашы керек. Мурдараак БШК атаандашкан тараптарды шайлоонун расмий жыйынтыктары жарыялангыча жеңиш тууралуу билдирүүлөрдү жасабай турууга чакырган.

Бул жолку шайлоо грузиянын саясий келечеги үчүн өзгөчө мааниге ээ экени айтылууда. Анткени өлкөнүн саясий системасында өзгөрүүлөр болуп, мындан ары көбүрөөк бийлик парламент менен премьер-министрге ыйгарылат.

Президент Михаил Саакашвилинин Бириккен улуттук кыймыл партиясы 2003-жылдагы “роза ыңкылабынан” бери өлкөнү башкарып турду. Бирок азыр миллиардер-саясатчы Бидзина Иванишвили түзгөн оппозициялык “Грузин кыялы” коалициясы башкаруучу партияга олуттуу сыноо жаратты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG