Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Pussy Riot тобунун мүчөлөрүнүн доо арызын кароо 10-октябрга калды


"Pussy Riot" тобунун мүчөлөрү (солдон оңго карай) Мария Алехина, Екатерина Самуцевич жана Надежда Толоконникова Москвадагы сот учурунда, 1-октябрь, 2012
"Pussy Riot" тобунун мүчөлөрү (солдон оңго карай) Мария Алехина, Екатерина Самуцевич жана Надежда Толоконникова Москвадагы сот учурунда, 1-октябрь, 2012
Орусияда дүйшөмбүдө Москва шаардык соту Pussy Riot панк-тобунун камактагы мүчөлөрүнүн доо арызы 10 күндөн кийин каралаарын жарыялады. Аталган топтун үч ырчы кызы Москвадагы Ыйса куткаруучунун чиркөөсүндө президент Владимир Путинге каршы акция өткөрүшкөн. Августта аларды сот “диний жек көрүүчүлүккө негизделген бейбаштык” үчүн айыптап, эки жылга түрмөгө кескен. Кечээ ошол үч кыздын бири өзүнүн адвокатын иштен кетирип, башка жактоочуну жалдап жатканын айткандан кийин сот ишти кароону кийинкиге калтырды.

Pussy Riot тобунун иши дүйнөдө чоң талкууларды жараткан. Дүйшөмбүдө Орусиянын бир топ шаарларында аларды колдогон митинг-концерттер өттү. Айрым жерлерде адамдарды полиция кармап кеткени кабарланды.

XS
SM
MD
LG