Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Алгачкы расмий жыйынтыктар боюнча алдыда - ”Грузин кыялы”


Грузия БШКсы кечээки парламенттик шайлоонун алгачкы расмий жыйынтыгын жарыялады. Добуш берүү кагаздарынын 5% эсептелгенден кийинки көрсөткүч боюнча оппозициялык “Грузин кыялы” Саакашвилинин Бириккен улуттук кыймылынан алдыда экенин көрсөттү. Тбилисинин борборуна чогулган оппозициянын тарапкерлери дагы деле аянттан кетпей турушат.

Алардын бири Джорджи акыйкаттык жеңип чыкты деген ою менен бөлүштү:

- Акыр аягында акыйкаттык жеңип чыкты. Мен баары тынч болот деп ойлойм жана менин өлкөм өнүгөт деп күтөм. Баарынан мага акыйкаттык маанилүү, -деди оппозициянын тарапкери Джорджи.

Грузиядагы парламенттик шайлоого 16 партия катышууда. Парламентке 150 депутат келет, алардын 77 партиялык тизме менен, калганы мажоритардык система менен шайланат.

XS
SM
MD
LG