Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:49

Грузия БШКсы: Добуш берүү кагаздарынын 6% саналды


Ага ылайык оппозициялык “Грузин кыялы” 56,1% добушка, ал эми Саакашвилинин Бириккен улуттук кыймылы добуштардын 39,4 пайызына ээ болду. Бул жолку шайлоодо парламенттеги 150 орун үчүн негизинен президент Михаил Саакашвилинин Бириккен улуттук кыймылы менен миллиардер-саясатчы Бидзина Иванишвилинин оппозициялык “Грузин кыялы” коалициясы күрөшүүдө. Саакашвили өз билдирүүсүндө “Иванишвили өлкөнү Батыштан алыстатып, кайрадан Москванын таасирине жакындатат” деп билдирди. Иванишвили муну четке кагууда.

Бул жолку шайлоо Грузиянын саясий келечеги үчүн өзгөчө мааниге ээ экени айтылууда. Анткени өлкөнүн саясий системасында өзгөрүүлөр болуп, мындан ары көбүрөөк бийлик парламент менен премьер-министрге ыйгарылат. Президент Михаил Саакашвилинин Бириккен улуттук кыймыл партиясы 2003-жылдагы “роза ыңкылабынан” бери өлкөнү башкарып турду. Бирок азыр миллиардер-саясатчы Бидзина Иванишвили түзгөн оппозициялык “Грузин кыялы” коалициясы башкаруучу партияга олуттуу сыноо жаратты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG