Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:53

БУУнун делегациясы Кыргызстандагы абактарды кыдырды


Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитетинин өкүлдөрү Кыргызстанга келип, абактардагы абал менен таанышып кетти. Камакта жаткандардын айрымдары менен сүйлөшүп, кыйноо фактылары барбы-жокпу сурамжылоо жүргүздү. Жыйынтык отчетун өкмөткө тапшырды. Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлчүлүгүнөн "Азаттыкка" кабарлашкандай, отчетто эмне жазылганы азырынча жашыруун маалымат. Аны ачыкка чыгарыш керекпи, жокпу, кыргыз өкмөтү өзү чечет. Эгер кыйноолор боюнча маалыматка макул болуп, проблеманы чечүү үчүн эл аралык уюмдардан акча сурай турган болсо, анда өкмөт отчетту жарыялашы шарт.

Делегация 19-28-сентябрда Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда жана Чүйдө жайгашкан убактылуу кармоочу жайларды, тергөө изоляторлорун, колонияларды жана психоневрологиялык интернаттардын дээрлик көпчүлүгүн кыдырып чыкты. Мындай миссия Кыргызстанга биринчи жолу келди.

Укук коргоочулардын айтымында, өлкөдөгү жабык жайларда, айрыкча убактылуу кармоочу изоляторлордо кыйноо фактылары көп болот. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG