Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:44

"Айкын багыт": Ала качуунун жазасы тууралуу жаштарда маалымат жок


Ала качууга каршы күрөшүп келаткан "Айкын багыт" фонду жаштар арасында сурамжылоо жүргүздү. Ага Улуттук университетте окуган 116 кыз жана 58 жигит катышты. Кыздардын баары тең "Сизди ала качып кетсе кайсы жакка кайрылуу керек, арызды кимге, кантип жазыш керек, билесизби?", - деген суроого "Жок, билбейм", - деп жооп берген. Ал эми жигиттердин көпчүлүгү ала качуу көп эле болуп жатканын айтып, мыйзамда бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын, бирок андан эч ким деле коркпой турганын айткан. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Айкын багыттын" жетекчиси Мунара Бекназарова кабарлады. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG