Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

"Ата-Бейиттеги" белгисиз жаран ким экени аныкталды


"Ата-Бейитте" белгисиз жаран деген жазуусу бар көрүстөндө кимдин сөөгү көмүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Мекен шейиттери" уюмунун башчысы Осунбек Жамансариев кабарлады. Анын айтымында, ал жерде 1957-жылы туулган карабалталык Дүйшөнбек Чалбаев коюлганы ДНК анализинин жыйынтыгын алгандан кийин аныкталды. Анализ Казакстанда жасалды.

2010-жылдын 7-апрелинде Өкмөт үйүнүн алдында окко учкандардын көпчүлүгү "Ата-Бейитке" коюлган. Көрүстөндөрдүн бирине Маралбек Максымбеков деп жазылган. Бирок кийин ал киши тирүү экени, Орусияда иштеп жүргөнү белгилүү болуп, өкмөттүн апрел окуясынын курмандыктарына деп берген 1 миллион сом акчасын анын уулу Эрлан алганы аныкталган. Ошо бойдон ал баладан дайын жок. Ал эми көрүстөндүн үстүнө "белгисиз жаран" деп кайра жазып чыгышкан.

Дүйшөнбек Чалбаевдин уулу Руслан Чалбаев милиция менен бирге издөө иштерин жүргүзүп келген. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG