Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Сатыбалдиев: Түп - Кеген унаа жолу эки-үч жылда салынып бүтөт


Көлдөгү Кыргызстан менен Казакстанды байланыштыра турган Түп - Кеген унаа жолу 2-3 жылдын ичинде курулуп бүтүп, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн Түпкө барганда айтты. Жолдун узундугу 75 чакырым. Аны оңдогонго 35 миллион доллар талап кылынат. 10 миллиону өздөштүрүлүп бүттү. Пайдаланууга берилиши менен көлгө жана Караколдогу тоо-лыжа базасына эс алганы келген казак туристтеринин санын арбытууга жакшы шарт түзүлөт.

Бирок кыргыз-казак чек арасындагы Каркыра чек ара посту ачылмайынча казактардын катташы жана жергиликтүү фермерлердин айыл-чарба продукциясын Казакстанга алып барып сатуусу мүмкүн эмес. Каркырадагы чек араны казак тарап өзү жагынан 2010-жылдын апрел окуясынан кийин жаап алган. Сүйлөшүү жүрүп жатканы айтылат, бирок азыркыга чейин ачыла элек. (MK/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG