Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Өкмөт башчы Каркырадагы чек арачылардын төшөнчүсүн жаңыртууну буюрду


Ысык-Көл облусунда иш сапар менен жүргөн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн Каркыра чек ара тозотуна барды. Чек арачылар менен жолугуп, алардын жашоосу, кызмат өтөө шарты менен таанышты. Өкмөттүн облустагы өкүлүнө аскерлердин төшөнчүсүн жаңыртып, казарманын имаратын оңдоого каражат бөлүп берүүнү буюрду.

Чек ара кызматы жакында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин курамынан чыгарылып, кайрадан өзүнчө мекеме болуп калды. (RK)

XS
SM
MD
LG