Бүгүнкү митингди ЖК депутаты, “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров уюштуруп жатат. Анын айтымында, митингде Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча түзүлгөн келишимдерди жокко чыгаруу талабы - негизги талаптардан болот. Нааразылык иш-чарасына “Кыргызстанды куткаруу” кыймылы, “Асаба” партиясы жана башка тоо-кендерин чет өлкөлүк инвесторлорго берүүгө каршы чыккан активисттер катышары айтылууда.
Акыркы эки күндөн бери Бишкектин көчөлөрүндө Кумтөр боюнча митингге чакырган анонимдүү баракчалар таратылып, шаардыктарга белгисиз номерлерден смс билдирүүлөр жөнөтүлүүдө. “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров бул чакырыктарга тиешеси жок экенин билдирди.
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 1-октябрь күнү Кумтөр алтын кенин иштеткен ишкананын иши менен таанышып, аягында кенди мамлекетке кайтаруу тууралуу сөз болбостугун айткан. Ал эми Кумтөрдөн алтын казып жаткан канадалык ишкана - Центерра Голддун башчысы Ян Аткинсон келишимдер кайра каралбастыгын жарыялаган болчу.(ZKo)