Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Апрель окуясы боюнча сотто эксперттер көрсөтмө берет


Бүгүн сот апрель окуясы боюнча соттук териштирүүдө эксперт катары өтүп жаткан адамдардын көрсөтмөсүн угат. Дүйшөмбү күнү сотто күбөлөрдүн акыркылары суралып, апрель окуясы боюнча айыпталуучулардын бири, Улуттук коопсуздук кызматынын мурунку башчысы Мурат Суталинов ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариевдин “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, кийинки соттук териштирүүлөрдө айыпталуучулардын көрсөтмө берери күтүлүүдө.

2010-жылы 7-апрелде Өкмөт үйүнүн алдында бийликке нааразылык билдирип чыккан элге ок аткан деген айып мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 кишиге тагылган. Айыпталгандардын алтоо качып кеткен, үчөө камакта. Буга байланыштуу соттук териштирүү 2010-жылдын ноябрь айынан бери жүрүп келатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG