Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Цукерберг Москвада студенттерге дарс окуйт


Марк Цукерберг facebook жөнүндө сүйлөп жатат. 2011-жылдын апрели.
Марк Цукерберг facebook жөнүндө сүйлөп жатат. 2011-жылдын апрели.
Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг бир нече күндөн бери Москвада жүрөт. Ал жакынкы күндөрү Москва мамлекеттик университетинин студенттерине лекция окуй турган болду. Цукербергдин лекциясына катышууну каалаган студенттердин саны өтө көп болгонуна байланыштуу жолугушууга барчулар лотерея аркылуу тандалып алынды. Цукербергдин лекциясына журналистика, математика жана механика, кибернетика факультеттеринин студенттери катыша алат.

Марк Цукерберг бир топ күндөн бери Москвада программисттер менен жолугушуп, иштешүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү белгилүү. Ал эки күн мурда премьер-министр Дмитрий Медведев менен да жолугушкан.

XS
SM
MD
LG