Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

Иванишвили Саакашвилини кызматтан кетүүгө чакырды


Б.Иванишвили Тбилисидеги маалымат жыйынында, 2-октябрь, 2012

Б.Иванишвили Тбилисидеги маалымат жыйынында, 2-октябрь, 2012

Дүйшөмбүдө өткөн парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына караганда, добуштардын көпчүлүгү оппозициялык “Грузин кыялы” коалициясына тийди. Анын лидери Бидзина Иванишвили кечээ президент Михаил Саакашвилини “көп ката кетирген” деп, мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүгө, эрте шайлоону жарыялоого чакырды.

"Саакашвили өзү эле кызматтан кетүүгө даяр деп ойлойм, - деди Иванишвили. - Бүгүнкү билдирүүсүнөн кийин ал келерки туура жасай турган кадамы эле өз алдынча иштен кетип, эрте шайлоонун күнүн жарыялашы керек".

Ушул эле күнү мурдараак президент Саакашвили өзү “Бириккен улуттук кыймыл” партиясы шайлоодо жеңилгенин моюнга алган.

Шейшембиде Тбилисиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Иванишвили анын коалициясы жетектей турган өкмөт Саакашвилинин Европага интеграциялашуу жана НАТОго мүчөлүк алуу үчүн күрөшүү саясатын улантаарын айтты.

ЕККУ, ПАСЕ, Европарламент жана НАТОнун эл аралык байкоочулары бул күнкү биргелешкен билдирүүсүндө Грузия эркин шайлоолорду өткөрүү жолунда маанилүү кадам жасаганын, бирок “бир топ олуттуу маселелер дагы эле чечиле электигин” айтышкан.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев болсо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу сүйлөп, өткөн шайлоо “грузин эли өзгөрүүлөрдү каалап турганын көрсөттү” деди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG