Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Украин парламенти кумсаларга каршы мыйзам долбоорун жактырды


Украинанын парламенти өлкөдө гомосексуализмди ачык колдоону кылмыш деп табуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кечээ алгачкы окулушунда жактырды. Ага ылайык, кумсалардын бейнесин позитивдүү кылып көрсөтүү же “гомосексуализмди рекламалоо” кылмыш деп табылат жана ал үчүн айыпталгандар беш жылга чейин түрмөгө отургузулат.

Мыйзам долбоорун колдогондор “кумсалардын көбөйүшү улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет” деп ишенишет, анткени “гейлер тандаган жашоо СПИДдин таркашына алып келет, үй-бүлө институтун бузат жана балдардын төрөлүшү кескин кыскарып, демографиялык кризисти жаратат” дешет.

Мыйзам долбоору дагы эки жолку окулушунда жактырылса, кийин күчүнө кириши үчүн ага президент Виктор Янукович кол коюшу керек.

XS
SM
MD
LG