Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Ташиев: Малдын кырылышына өкмөт күнөөлүү


Жалал-Абаддын Сузак районунда эмдөөдөн кийин кырылган кой үчүн өкмөт күнөөлүү. Мындай пикирин бүгүн парламент жыйынында "Ата-Журттан" депутат Камчыбек Ташиев билдирди.

"Өкмөт малды эмдегенге вакцина менен толук камсыз кылбайт. Ошол себептен малчылар аткезчилик жол менен ташылып келген вакцинаны сатып алууга мажбур болуп жатат", - деди Ташиев.

Малын чечек оорусуна каршы эмдейм деген малчылар ийне сайылган койлорунан айрылып, учурда кырылган малдын саны эки миңден ашты.

Адистер малчылардын тарткан чыгымы бери дегенде 10 млн сомдон ашат деп белгилешүүдө. Мамлекет аларга кандай жардам көрсөтөөрү азырынча белгисиз.

Малдын кырылышына алып келген вакцинаны, Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчисинин биринчи орун басары Самат Алиевдин парламентте маалымдашынча, Жалал-Абад шаарында жеке дарыканасы бар ветеринар Талип Ташболотовдон сатып алышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG