Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

Кумтөр боюнча комиссиянын иш жыйынтыгы 15-ноябрда белгилүү болот


Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы 15-ноябрда белгилүү болот. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында аталган комиссиянын мүчөсү, депутат Эркингүл Иманкожоева билдирди. Анын айтымында, комиссиянын ишинин созулуп кетишине комбинаттын 4 жумага жабылып калганы себеп болду. Лабораториялык изилдөө жүргүзүүгө убакыт талап кылынууда. Мындай изилдөөнү Германиядан келген адистер жасамай болуп жатат.

Быйыл июн айында Жогорку Кеңеште Кумтөр маселеси талкууланып, мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Анын максаты - "Кумтөр оперейтинг" компаниясы тарабынан жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу, экологияны сактоо эрежелеринин сакталышын жана жергиликтүү элдин социалдык жактан коргошун текшерүү. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG