Линктер

жекшемби, 22-январь, 2017 Бишкек убактысы 20:20

Митингдин айрым катышуучулары Жогорку Кеңештин дарбазасынан өтүп кетти


Кумтөр маселеси боюнча митингге чогулгандардын айрымдары, болжол менен 50дөйү ушу тапта Жогорку Кеңештин дарбазасынан өтүп кеткенин ошол жердеги кабарчыбыз айтууда. Саат 12де Ала-Тоо аянтында башталган митингде сүйлөгөн "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бийликти алууга чакырганы, жоопкерчилик өзүндө болоорун айтканы кабарланууда. Митингге 1000-1500дей киши чогулган.

Парламенттин имаратына жакын өтүп баргандарды коопсуздук кызматы кайра сүрүп чыгарганы, көздөн жаш агызуучу газ чачканы айтылууда. (BkA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG