Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Жогорку Кеңештин короосуyна кирип баргандар сүрүп чыгарылды


Жогорку Кеңештин короосуна дарбазадан секирип кирип барган элүү чакты митингчини милиция сүрүп чыкты. Ошол жерде жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы Бакыт Асановдун айтымында, Кумтөр маселеси боюнча саат 12де Ала-Тоо аянтында башталган митинг мындан бир нече мүнөт мурда аяктады. Анда сөз сүйлөгөн "Ата-Журт" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев чогулгандарды бийликти алууга үндөп, парламенттин имаратына өтүү аракетин жасады. Дарбазадан секирип өткөн элүүдөй киши парламенттин короосунда милиция менен мушташып, бирок алар көздөн жаш агызуучу газдын жардамы менен токтотулду, имараттын ичине киргизилген жок.

Нааразылык акциясынын катышуучуларын токтотууга 30дай атчан, 100дөй жөө милиционер аракет жасоодо. Атайын иттер менен да жүрүшөт.

Күч колдонуу митингчилер тарабынан таш ыргытылганда башталганы айтылууда. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG