Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

Митингчилер жер-жерлердеги бийликти басып алууга үндөөдө


Жогорку Кеңештин ичине кирүүгө аракет жасаган митингчилер жер-жерлердеги бийликти басып алууга үндөп жатат.

Ушу тапта Жогорку Кеңештин тегерегиндеги окуяга көз салып турган "Азаттыктын" кабарчысы Бакыт Асановдун айтымында, парламенттин короосунан сүрүп чыгарылгандан кийин митингчилер ар тарапты көздөй качкан. Көздөн жаш агызуучу газ чачылып, 30дай атчан милиционер, 100дөн ашуун жөө милиция жана атайын үйрөтүлгөн иттери бар коопсуздук кызматтары 50дөй адамдын Жогорку Кеңеш имаратына кирүүсүнө жол берген жок.

Бирок бир аз убактыттан кийин "Ата-Журттун" лидери Камчыбек Ташиев жана бир катар коомдук уюм өкүлдөрү Камаз унаасынын үстүнө чыгып алып, кайрадан парламент имаратына жакындаганга аракет кылды. Учурда Камаз Чүй проспекти менен күн батышты көздөй жөнөп баратат. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG