Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

4-октябрга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
5-7-октябр күндөрү Чүй облусунун айрым райондорунда, Талас районунун дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде 0...3 градус үшүк жүрөт. Мындай үшүктүн жүрүшү мөмө жемиштерине, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу.

Аба ырайы
4-октябрда айрым жерлерде жаан жаайт, тоолордо кар түшөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында дээрлик жаан-чачын болбойт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, түндүк тарабында 0...5, күндүз 15...20,
Талас облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19,
Баткенде түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, чыгыш тарабында 0...5, күндүз 12...17,
Нарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 13...18,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, күндүз 8...13,
Тоолордо түнкүсүн -5...-10, ал эми күндүз 1...6 болот.

Бишкекте дээрлик жаан-чачын болбойт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 6...8, күндүз 18...20 градус болот.

XS
SM
MD
LG