Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

ИИМ: Ок атуучу курал колдонгон жокпуз


Милиция бүгүн Жогорку Кеңеш имаратынын алдында болгон окуяда ок атуучу курал колдонгон жок. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Бакыт Алымбеков билдирди.

Анын айтымында, тартипти сактоо максатында көздөн жаш чыгаруучу газ жана үн чыгаруучу граната колдонулду. Алты милиционер таш, таяк жеп жараат алды.

Бүгүнкү окуяга байланыштуу Ички иштер министрлигинде штаб түзүлдү. Атайын тергөө тобу да иштеп жатат. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG