Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:01

Ташиев менен Жапаровду УКМК алып кетти


Бул тууралуу “Ата-Журт” партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, УКМКнын кызматкерлери Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду ооруканада жүргөн жеринен эч кандай чакыруу кагазсыз, күч колдонуу менен кармап кетишкен. Азыр алардын каерде экени белгисиз.

Айрым маалымат каражаттары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Ата-Журт” партиясынын лидерлерин бүгүнкү митингге байланыштуу суракка чакырганын жазып чыгышкан.

УКМКнын басма сөз катчысы Нурлан Токталиев бул окуя боюнча азырынча эч кандай маалымат бере албастыгын “Азаттыкка” билдирди.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG