Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

Сириядан аткыланган снаряд Түркия жарандарынын өмүрүн алды


Сирия аймагынан коңшулаш Түркияга карай аткыланган артиллериялык снаряддан Акчакал шаарынын кеминде үч тургуну каза болуп, онго жакын адам жарат алды. Акчакал шаарынын мэри өлгөндөрдүн арасында ымыркай да бар экенин билдирди. Бир нече полиция жараат алды. Өткөн жумада да Сириядан аткыланган снаряд Түркиянын аймагына түшүп, бирок жабыркагандар болгон эмес.

Ушул күндөрү Сириянын Түркия менен чектеш бир нече райондорунда өкмөттүк күчтөр менен куралдуу оппозициянын ортосунда кагылыш жүрүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG