Линктер

жекшемби, 23-апрель, 2017 Бишкек убактысы 16:14

Ташиевди адвокат Айткулов жактайт


Икрамидин Айткулов депутаттын өтүнүчү менен аны жактамакчы болгонун ушул тапта УКМК имаратынын жанында жүргөн журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, “бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо” оор кылмыштарга кирет.

“Ата-Журт” партиясынын лидерлери кармалып турган УКМК имаратына ЖК депутаты Курманбек Осмонов да келди. Ал өзүнүн кесиптештери кармалганын маалымат каражаттарынан угуп келгенин айтты деп билдирет кабарчыбыз Элеонора Бейшенбек кызы.

Кечке жуук УКМК кызматкерлери митингдин уюштуруучулары: “Ата-Журт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду күч колдонуп, эч кандай чакыруу кагазсыз алып кетишкенин партиянын басма сөз кызматы билдирген. Ушул тапта журналисттер бул окуя боюнча УКМКнын айтар сөзүн күтүп турушат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG