Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:15

Ташиев менен Жапаров 48 саатка камалды


Бул тууралуу Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов журналисттерге билдирип, ал бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деп шек менен кармалганын кошумчалады. Азырынча айып тагыла элек. Адвокат “Ата-Журт” партиясынын лидерлерин суракка алуу процессине катышкан. Ташиев менен Садыров УКМКнын тергөө абагында камакта.

3-октябрда Кумтөр алтын кенине байланыштуу болгон митингде Акүйдү басып алуу аракети фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча төрт киши кармалып, сурак берип жатканы кабарланган. Кечке жуук УКМК кызматкерлери митингдин уюштуруучулары: “Ата Журт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду күч колдонуп, эч кандай чакыруу кагазсыз алып кетишкенин партиянын басма сөз кызматы билдирген эле.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG