Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Иванишвили: Саакашвили кызматтан кетсин деген “ультиматум эмес”


Грузиядагы парламенттик шайлоодо оппозициялык коалициясы уткан миллардер-саясатчы Бидзина Иванишвили президент Михаил Саакашвилини кызматтан эрте кетүүгө чакырыгы “ультиматум” же “саясий талап эмес” деп билдирди. Саакашвили буга чейин эле анын бийликтеги Бириккен улуттук кыймыл партиясы шайлоодо утулганын моюнга алып, келерки өкмөттү оппозициялык “Грузин кыялы” коалициясы түзгөнгө укугу бар деп билдирген.

Саакашвили жеңилгенин айткандан кийин шейшембиде Иванишвили аны мөөнөтүнөн бир жыл мурда иштен кетүүгө, эрте президенттик шайлоону жарыялоого чакырган. Шаршембиде болсо Иванишвили “улуттун биримдиги үчүн диалогго даяр экенин” айтты.

XS
SM
MD
LG