Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Ооган министри: Өкмөт талиптер менен тынчтыкка жетишүү аракетинде


Ооганстандын тышкы иштер министри Залмай Рассулдун айтымында, өкмөт ондогон жылдарга созулган зордук-зобунду токтотуш үчүн талибан менен тынчтыкка жетишүүгө аракет кылып жатат. Бул тууралуу ал шаршембиде Вашингтондо Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон менен жолугушканда билдирди. Алар эки өлкөнүн Стратегиялык кызматташтык боюнча жаңы келишимине кол коюшмак. Клинтон 2014-жылы ооган жеринен чет өлкөлүк аскерлер чыгарылгандан кийин деле АКШ бул өлкөгө көмөгүн токтотпой турганын убада кылды. Мамкатчы Ооганстанда 10 жыл мурда согуш башталгандан бери окко учкан америкалык аскерлердин саны жакында 2000 адамга жеткенин да эске салды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG