Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

АКШда президенттикке талапкерлердин алгачкы дебаты өтөт


Барак Обама менен Митт Ромни

Барак Обама менен Митт Ромни

Президент Барак Обама жана анын атаандашы, Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Митт Ромни алдыдагы шайлоо боюнча бүгүн алгачкы айтышка чыгышат. Бир нече ай эки талапкер тең өз алдынча шайлоо өнөктүгүн өткөргөндөн кийин эми Денвер шаарында (Колорадо) ич ара алгачкы айтышууга чыгышы керек. Жалпысынан 90 мүнөткө созулуучу дебаттарда Обама менен Ромни 6-ноябрга чейин үч жолу беттешишет.

Азырынча коом пикирин сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда, Обама өзүнүн атаандашынан бир аз алдыда баратат. Бирок аналитиктер непада бүгүнкү дебатта Ромни активдүү чыкса, анда ортодогу боштукту кыскарта алат дешет.

Бүгүнкү айтышты 50 млн.эл көрөт деп күтүлүүдө. Аны түз ободо улуттук телеканал көрсөтүп турмакчы. Ал эми вице-президент Жо Байден менен Ромнинин вице-президенттикке талапкери Пол Раяндын айтышуулары 11-октябрга белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG