Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Бишкекте кырдаал тынч


ШИИБнын күзөт кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, кечээ түн ичинде Бишкектин тынчтыгын милиция күчөтүлгөн тартипте кайтарды. Милицияга “Элдик кошуундун” эки миңге чукул ыктыярчылары кол кабыш кылган. Ушул тапта Ала-Тоо аянтында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Капар Батыркановдун катышуусу менен милиция кызматкерлерин бөлүү болуп жатат. Аталган башкармалыктан “Азаттыкка” маалымдашкандай, борбор калаада милиция бүгүн да күчөтүлгөн тартипте иштейт.

3-октябр күнү Бишкекте Ак үйдүн алдында Кумтөр алтын кенине байланышкан митинг болуп, аягында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиев баштаган митингчилердин тобу Ак үйгө кирүүгө аракет жасашкан. Натыйжада аларды милиция кууп таркатып, кагылышта он чакты киши түрдүү жаракат алганы кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG