Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

Ташиев, Жапаров жана Мамытовго кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, ЖК депутаттары, “Ата-Журт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго “Конституциялык бийликти кулатууга аракет жасаган”, “Бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген айыптар тагылды. Адвокаттын айтуусунда, бул беренелер боюнча кылмыш иштери оор кылмыш иштерине кирет, депутаттарга карата аны козгоого парламенттин макулдугу талап кылынбайт, депутаттык кол тийбестик макамы коргоп кала албайт.
Икрамидин Айткуловдун айтуусунда, кармалгандар кылмыш иши козголгондон кийин, түнкү саат 4:00дө УКМКнын тергөө абагына киргизилген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG