Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

Ысык-Көлдө коомдук-саясый абал тынч


Ысык-Көл облусунда коомдук-саясый абал тынч. Бул тууралуу “Азаттыка” облустук ичики иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Ал кечээ облустук телеберүү аркылуу элге кайрылып, мыйзам бузууларга барбоого чакырды.

Кечээ Бишкекте Кумтөр маселеси боюнча өткөн митинг Жогорку Кеңештин алдында уланып, “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев баштаган 30 чакты адам парламенттин темир тосмосунан секирип киргенине байланыштуу үч депутат камакка алынган. Алардын бошотулушун талап кылган митингдер жер-жерлерде өтөөрү кабарланган. (MK/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG