Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Түрк армиясы Сириядагы буталарды бомбалоодо


Айрым кабараларга караганда, Түркия Сириядагы буталарга сокку урду. Муну менен Анкара Сириянын кечээки ракета атуусуна жооп кайтарууда. Андан түркиялык 5 жайкын тургун шейит кеткен. Түрк куралдуу күчтөрү кошуна өлкөнүн Тел Абияд чөлкөмүн бомбалашканы маалымдалууда. Бомбалоо учурунда президент Башар Асадга лоялдуу армиянын бир нече аскери окко учту. Анкара өкмөтү аскердик операция баштоо үчүн парламенттин колдоосун алууга аракеттенээрин билдирди. Бирок премьер-министр Режеп Тапи Эрдогандын кеңешчиси Ибрагим Калындын айтымында, Түркиянын Сирияга каршы согуш жарыялоо ниети жок.

БУУ жана НАТО Дамаксты кошуна мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн урматтоого чакырды. Исламабадда жүргөн орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирия бийлигин аткылоо кокустук болгонун жана андай окуя мындан ары кайталанбасын расмий билдирүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG