Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

АКШ: Сурамжылоолор теледебатта Ромни жеңгенин көргөздү


АКШдагы алгачкы президенттик деабаттан кийин өткөрүлгөн сурамжылоолорго ылайык, Республикалык партиянын талапкери Митт Ромни демократ Барак Обаманы жеңип чыкты. Си-Эн-Эн телеканалы сурамжылоого тарткан 4 адамдадын үчөө Ромни жакшыраак таасир калтырганын айтышкан. Колорадо штатынын Денвер шаарында өткөн телеэрөөл 90 мүнөткө созулуп, аны 50 миллиондой америкалык көрдү. Си-Би-Эс Ньюс каналы элдин пикирине кызыкканда кимге артыкчылык берээрин билбей турган шайлоочулардын көбү дебаттан кийин Ромниге ыктай баштаганы белгилүү болду. Буга чейинки сурамжылоолор добуш берүүгө бир айдай убакыт калган кезеде Обаманын алдыда баратканын көргөзүп келген. Шайлоо өтчү 6-ноябрга чейин атаандаштар дагы 2 жолу телетаймашка чыгышат. Алгачкысы негизинен АКШнын экономикасы жана саламаттыкты сактоо өңдүү ички социалдык проблемаларга арналган. 11-октябрда болсо теледебатка вице-президенттикке талапкерлер катышмакчы.

XS
SM
MD
LG