Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:34

"Бейкүнөө мусулмандарга" Казакстан да тыюу салды


Астана шаарынын Сары-Арка райондук соту “Бейкүнөө мусулмандар” фильмин экстремисттик деп таап, аны Казакстанга алып келүүгө, чыгарууга жана жайылтууга тыюу салды. Соттук эспертиза институтунун башкы адиси Роза Акбарова сотто айткандай, тасма ислам динине негативдүү мүнөздөмө берет.

Астана шаарынын прокуратурасы 21-сентябрда сотко кайрылып, АКШда жеке адамдар тарабынан тартылган фильмге тыюу салууну өтүнгөн. Ага чейин Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы провокацияга күч менен жооп бербөөгө үндөп келген.

Сөз болгон тасмадан улам айрым мусулман өлкөлөрүндө нааразылык тутанып, кан төгүү менен коштолгон. Бейкүнөө мусулмандарга буга чейин бир нече өлкөдө, анын ичинде Кыргызстан менен Орусияда датыюу салынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG